Үч-Коргондогу твиттер кабар түйүнү жаш журналистер демилгеси менен кайрадан жанданды
Үч-Коргон жамаатык мультимедиа борборунун жаш журналистери көп убакыттан бери иштебей жаткан тивиттер түйүнүн жандандыруу максатында Үч-Коргон айылынын тургундарын твиттер кабарлоо кызматына туташтыра башташты.
“Твиттер дегенди мурда укканмын бирок, Үч-Коргондо мындай атайын кызмат бар экендигин билген эмесмин. Мага абдан кызыктуу айылдагы жаңылыктар, маанилүү деп ойлойм”,-деп билдирет айыл тургундарынын бири.Айрым айыдын жашоочулары болсо “Биз айылдагы болгон баардык маалыматтарды билебиз”,-деген каршы пикирлерин да айтышканын айтат жаш кабарчыбыз Назира.
“Мен Үч-Коргон ЖМБда ыктыярчымын журналистикага абдан кызыгам жана бүгүн биз твиттер кабарлоого адамдарды туташтыруудабыз. Биз анча тажрыйбалуу болбогонубузданбы көпчүлүк адамдарды туташтыра албай койдук бирок, аракет кылуудабыз”-деп билдирет Назира Бурханиддинова
Айылдыктардын айтымында ушул күнгө чейин көпчүлүк адамдар аталган кызматка туташышкан бирок, маалыматтарды алышкан эмес
“Мен мурда туташканмын маалыматтар келбейт эле, мына жаштар активдүү иштеп жатышат жаңлыктардан кабардар болуп турабыз деген ойдомун»,-деп билдирди Мамадумаров Акрамжан.
Даярдагандар: Хасанова Ирода, Хабибуллаева Мохигул,Юлдашева Ситора
Сүрөттүн автору: Сабыр у Шумкарбек
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка