«Таза айыл таза жаштар» акциясына А.С.Пушкин орто мектебинен 68 окуучу тазалык үчүн акциясын өткөрүүгө салымдарын кошушкан.
«Үч-Коргон айыл өкмөтү жана жаштардын демилгеси менен тазалык күнү уюштурулуп жатат. Жаштар айылдагы адамдарды тазалыкка чакырып ар бир үйгө кирип чыгышкан. Жаз келип айлана чөйрөнү тазалоо арбирибиздин милдетибиз деп эсептеймин»,-дейт Азиз Нурмаматов«Бул иш чара жаштарды тазалык менен биргеликте адамдарды сыйлоо жана мээнетке туулуп өскөн жерин сүйүүгө үйрөтөт. Мен мындай демилгелерди дайыма колдоймун»,- деп билдирди мектеп директору Рано Турсуналиева
Жаштар менен биргеликте айылдын тургундары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери Үч-Коргон айылынын борбордук жайларын тазалашкан.
Үч-Коргон мультимедиа борборунун координатору Арипов Атабектин билдиришинче жаштар айылдагы адамдарды тазалыкка чакырып ар бир үйгө кирип чыгышкан.
Даярдагандар: Пардаева Мохира.
Сүрөттүн автору: Нусратуллаев Сайёдбек.
Сынак: Камрон.