Кадамжай районунда Туяк ырчынын 160 жылдыгы белгиленди. Иш чарага област боюнча меймандар чакырылып мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү.
Эрназар уулу Туяк ырчынын 160 жылдыгын өзү төрөлүп чоңойгон Очок таш аттуу жерде өткөрүлдү. Маарекеге келген элдин так санын биле албадык, келген элдер аба-ырайынын ысыктыгына карабай тойдун аягына чейин ошол жерде болушту.
Тойго төкмө акындар да чакырылып элдин көңүлүн алып жатышты. Мындан сырткары акындар үчүн атайын сынак уюштурулуп баш байгени Акимбеков Абдубали акын алып ак боз жылкыга ээ болду.
Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун билдиришинче президентибиз Алмазбек Атамбаев 2016-жылды тарых жана маданият жылы деп белгилеп мамлекеттин өнүгүүсүнө ошондой эле баардык тармактарда үзүрлүү эмгектенген тарыхий инсандардын маарекелерин өткөрүү боюнча атайын чечим кабыл алган.
«Мына бүгүн Туяк ырчынын 160 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча атайын уюштуруучу топ түзүлгөн. Кыргыз элине жана өзгөчө жаш муундарга Туяк ырчынын ырларын жана олуялыктарын жеткизүү максатында иш чаралар болууда. Ошого байланыштуу Туяк ырчы өзү туулуп чоңойгон Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында салтанаттуу майрамды белгилеп отурабыз»,-деп билдирди район акими Мадумаров
«Майдан айыл аймагына караштуу Иса майрам айылынан келдим бул иш чара абдан жакшы болууда, көп күндөн бээри жамгыртоктобой жаап жатат элебирок бүгүнкү күндү кудайда жакшы өткөрсүн дедиби жылуу жана ачык асмандын астында өткөрүп жатабыз Э.Эрматов агабызга чоң рахмат айтабыз» — дейт Муратов АбдулкундузМындан сырткары тойго келген конокторго тамак берилип Пум айылынын тургундары кызмат көрсөтүп жатышты. Аталагн иш чарага Кыргыз республикасынын президиентинин алдындагы мамлекеттик тил кызматынын төрө агасы Эгемберди Эрматов катышып, уюштуруу иштерине активдүү катышкан.
Даярдагандар: Ажимамат кызы Жаңылай, Сабыр уулу Шумкарбек
Сүрөттөрдүн автору: Нусратуллаев Сайёдбек
Сынак: Км