Кадамжай районунда төрт айыл өкмөт ортосунда конкурс болуп өттү

Конкурска Үч – Коргон, Ак-Турпак, Масалиев жана Айдаркен айыл өкмөттөрү акийнек айтуу, таш ккөтөрүү, бий жана башка шарттар боюнча мелдешишти. Кадамжай районун акими Акрам Камбаралиевич тарабынан 100 миң сом байге коюлган.DSC_0055Аталагн конкурста ар бир айыл өкмөтү улуттук өздөрүнүн тамак- аштарын, концерттик программаларын тартуулашты.DSC_0045 Кадамжай районун акими Акрам Камбаралиевичтин айтымында бул майрамды өткөрүүдөн максат улуттар арасында достук жана ынтымакты бекемдөөгө салым кошуу. Айыл өкмөттөрү акийнек айтуу, таш ккөтөрүү, бий жана башка шарттар боюнча мелдешишкен.DSC_0051«Мына бүгүн төрт айыл өкмөтү ортосунда конкурс өткөрүлүүдө. Жеңүүчү деп табылган айыл өкмөтү 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болот. Ар бир айыл өкмөтү конкурста жеңишке жетүүгө аракет жасашууда. Бардык катышуучуларга ийгилик каалаймын»,- деп билдирди Акрам Камбаралиевич.DSC_0043

Райондун акими кошумчалагандай бул жолку конкурста төрт айыл өкмөтү катышкан болсо ушул жылдын август айына келип башка айыл өкмөттөр да катышат.
Майрамды шаңдуу жана кызыктуу өткөрүү үчүн ар бир катышуучу командалар өзгөчө даярдык көрүшшт.DSC_0046«Бүгүнкү иш чара жакшы маанайда өтүүдө анткени, мындай иш аракеттер биздин достук мамилелерибизди бекемдейт. Бул жылы урматту прездентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан тарых жана маданият жылы деп белгилендиги да биздин өз тарыхыбыз жана маданятыбызды эскерип унутта калтырбоого салым кошот деп эсептеймин»,- деп билдирди Абдурахманов.DSC_0017 Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген айыл өкмөтү жылда өтүүчү Ысык-Көлдөгг көчмөндөр оюнуна катыша алышат.DSC_0135Конкурстун жыйынтыгында Масалиев айыл өкмөтү биринчи орун, Үч — Коргон айыл өкмөтү экинчи орунду Ак-Турпак жана Айдаркен айыл өкмөтү 3-4 орундарды ээлешти.

Даярдаган: Нусратуллаев Сайёдбек

Сынак:Км

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *