Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында үч тилдүү жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.
Үч-Коргон айылында 150 балага ылайыкташкан Алишер Новои атындагы мектептин ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Мектептин курулушуна 10 милион сом каражат сарыпталды.
Маалымат катары айта кетсек АРИС агенттиги жеригилктүү бийлик менен тургундардын колдоосунда аталган мектепти курушкан.
Мектептин стол жана стулдарын Билим берүү жана илим министрлиги камсыздап, баардык шарттары менен пайдаланууга берди. Бул мектепте окуу кыргыз, орус, өзбек тилинде жүргүзүлөт.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.