Өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоого салым кошкон жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.
Алардын арасында көрсөткөн үзүрлүү эмгектери үчүн кошокон салымдары үчүн Үч-Коргон айыл өкмөтү Ахмаджан Абдурахманов да президенттин даңк медалы менен сыйланды.
“Берилген даңк медал бизди дагы да күжөрмөндүк менен иштөөгө жана айылды мында да мыкты деңгээлде башкарууга түрткү берет”,-деп билдирди Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов.
Эске салсак Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы буг чейин да бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.
сүрөттүн автору: Султан Досаилев