Үч-Коргон айылында шабдалы, өрүк саткан чакан базары өз ишин уланттууда

Үч-Коргондо күзгү бышыкчылык соңуна чыгып, айылдагы Чорсув базарында дыйкандар жыйнаган мөмө жемиштерди сатыша башташты.

Айылдын тургуну сатуучу Уулкан Мамаризаеванын айтымында, базар Ош-Баткен унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан соода жакшы болот. Жылына аталган базар ачылып жергиликтүү тургундар бышып жетилген жемиштерди сатышат.

«Бул жылы түшүм жакшы болду өз убагында дарактарга суу берип, эми ушунтип жакшы түшүм алуудабыз. Шабдалынын баасы быйыл 20 сомдон 50 сомго чейин чыкты”,-дейт сатуучу Уулкан Мамаризаева.

Ошондой эле, жылына шабдалылар 20 сомдон 50 сомго чейин көтөрүлөт. Шабдалынын 30га жакын сортунун ичинен эң өтүмдүүсү «Красный Москва» деп аталат.

Даярдаган: Шохиста Курбанова.

Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *