Үч-Коргондо кышка карата айдоочулар даярдыктарды көрүшүүдө

Үч-Коргон айылында унаа айдаган айдоочулар кышка карата даярдыктарды көрө башташты.

Үч-Коргон айылынын жашоочусу Маруфов Исхак быйыл кыш суук келишинен коркуп, жазгы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырууда.  Ал  ар жылы кышка өзгөчө даярдык көрүп, унаалардын жараксыз тетиктерин жана майларын да эрте алмаштырып коёт.

«Мен жылда кышка даярдык көрүп коёмун. Өзүм Үч-Коргондон жүргүнчүлөрдү ташыйымын 20 сомдон. Кыштын күнү аз да болсо үй тирчилигине акча чыгып турат. Бир айда 5 миң сомго чейин акча табамын», — дейт Маруфуов.

Бул жылы кыш кандай келээри белгисиз болгондуктан, көпчүлүк унаанын ээлери камсанабай жүргөнүн да байкоого болот. ага себеп быйыл күз мезгили да жылуу келгенди себеп болгондугун айтышат айрым айылдын тургундары.

«Быйыл биздин айылда жыйым терим жакшы болду, анткени  күз жакшы келди. Мен ойлойм кыш быйыл анчалык суук болбойт. Себеби өткөн жылы бул мезгилде адамдар жыйым теримди эрте бүтүшүп, жамгыр аралаш кар жаап берген. Быйыл болсо унаа айдагандар шашышкан жок  «,- дейт айыл тургуну Абсатторов Хуршид.

Даярдаган:  Шохиста Курбанова.

Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *