Үч-Коргон айылындагы Алишер Навои атындагы орто мектебинин жаңы салынган кошумча имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Мектепке кошумча салынган имарат 150 окуучуга ылайыкташтырылган. Жаңы имарат АРИСтин колдоосу менен 2016-жылы салына баштаган.
Курулуш иштерине жалпы 9 млн 188 миң сом жумшалды. Анда 5 класстык бөлмө, 1 мугалимдер бөлмөсү жана ашкана бар. Имарат көмүр менен жылытылат.
Даярдаган: Шохиста Курбанова.
Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат.