Кадамжай районунда тил майрамынын 1 айлыгы жыйынтыкталып, ага Үч-Коргон айылынын тажик жана өзбек тилдүү мектептеринин мугалимдери катышышты.
Буга чейин 23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамына карата Кадамжай районунун акимчилиги тарабынан 1 айлык жарыяланган.
Анын алкагында Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн мугалимдери менен Халмион айыл өкмөтүнүн мугалимдери арасында түзүлгөн жобого ылайык командалар арасында сынак өттү.
Сынакта тилдеги эски сөздөрдүн чечмелениши, диалектилик кептердин мазмуну айтылды. Сынакта Үч-Коргондон келген мугалимдер жеңүүчү деп табылып, түрдүү идиш-аяктар жана санариптик ресиверлер белекке берилди.
Үч-Коргон айылындагы Садриддин Айни орто мектебинин мугалими Соня Кыргызбаеванын айтымында, сынак кызыктуу өтүп, жеңүүчүлөргө кымбат баалуу белектер тапшырылды.
«Иш-чара мыкты деңгээлде өттү биз абдан кубанычта турамын. Биз жеңүүчү деп табылдык.»
Халмион айыл аймагында өзбектер, Үч-Коргон айыл аймагында тажик улутундагылар басымдуулук кылат.
Даярдаган: Шохиста Курбанова
Сүрөттүн автору: Хабибуллаев Гайрат