Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдолуп кайрадан ишке берилет. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир канча жолу аталган аба майданын жаңылоо керектигин айтып чыгышкан.Кызыл-Кыяга аэропорттор кеңешинин төрагасы Болот Жумабеков жана Ош, Бишкектеги “Манас” аба майданынын өкүлдөрү 14-ноябрда жумушчу сапары менен барышты.
«Биз бүгүн, Кызыл-Кыя шаар башчылыгына тийиштүү тапшырмалар бердик атайын ушу аэропортту иштетүү жагын карап чыгуу боюнча. Биз ойлойбуз тез аранын ичинде иштер алып барылат жана көздөлгөн максатка жетишилет»,-деп билдирди Болот Жумабеков.
Маалыматтарга караганда, 60-жылдары негизделген аба майданы Кызыл-Кыя шаарында 3 багыт менен жүргүнчүлөрдү тейлеген, ошондой эле жүк учактарын да кабыл алып турган. Кийинчерээк аэропорттун жабдыктары Баткен шаарына өткөрүп берилип, аэропорт өзү жабылган.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.
Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.