Үч-Коргондук Абдурахим Мыйманов Вокал боюнча республикалык деңгээлдеги сынакта «Алтын үн» наамын жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа утуп алды
Үч-Коргон айылынын тургуну Абдурахим Мыйманов «Милиционер байке» сынагына катышып, район, облустук турларды багындырып, республикалык турга катышкан.
Анда милиционердин иштерин 1 метрлик пластилин макет менен көрсөтүп берген. Жыйынтыгында 1-орунга ээ болгон. Вокал боюнча республикалык деңгээлдеги сынакта «Алтын үн» наамын жана «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа уткан.
Жаш Абдурахим мындан сырткары пластилин менен 6-классында өз алдынча үйрөнө баштаган. Ал кезде мультфильмдердин каармандарын жасачу. Аны байкаган апасы пластилин сатып берүүнү адатка айланткан. Жасагандарын бала бакчаларга жана башкаларга белекке берет.«Мен кичинекейимден пластилинден ар түрдүү оюнчуктарды жасап келемин. Апам мага жакындан жардам берет бул пластилиндерди сатып алууга. Мындан сырткары ырдаймын, сүрөт тартамын»,-дейт Абдурахим.
Анын эң алгачкы жасаган оюнчугу чайнек менен бокал болгон. Бара-бара татаал нерселерди да жасай баштаган. Учурда көлөмүнө карабай жаныбар, үй, адам, унаа бардык нерсени жасай алат.
Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.