Үч-Коргон айылынын тургуну Абдухаким Темирбаев асыл тукумдуу койлорду багып, өстүрүүдө.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Абдихаким Темирбаев 20 жылдан бери гиссар койлорду багат. «Мен бул гиссар породасындагы койлорду алгач Тажикстандан, Өзгөндөн алып келип көбөйткөнмүн. Учурда 500дөн ашык кой багып жатам. Алардын 15и кочкор, калганы тубар койлор»,-дейт фермер Темирбаев.
Жылына 450 койдон 430-450 козу алынат. Гиссар койлордун 1 жаштан 4 жашка чейинкилеринин салмагы 120-130 кг болуп, 10 миң сомдон 60 миң сомго чейин бааланат.
Айылдын тургундары да мындай койлордун түрүнү кызыгып, сатып алгандардын саны арбын. Бул айылда мал чарбасына болгон кызыгууну артып жатканын көрүүгө болот.
Дайрадаган: Абдурахманова Гулбахор.