Үч-Коргон айылында майыптарга жардамдар көрсөтүлдү

Үч-Коргон айылында 3-декабрь майыптар күнүнө карата, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арабалар тапшырылды.

Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында  мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге майыптардын арабалары тапшырылды.  Жардам Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан берилип, айылдагы мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге жардамдар көрсөтүлдү. Жардамдын жалпы суммасы 100 миң соду түздү.

«Айылдагы майып адамдарга колдон келишинче мына бүгүн айыл өкмөттүн атынан жардамдар уюштурулду. Биз буларга колдон келишинче жардамдарды беришибиз керек жана мындан кийин да мындай камкордуктарды уюштуруп турабыз»,- деп билдирди айыл өкмөтүнүн орун басары Мастура Камбарова.

Маалыматка караганда, арабалар 3-декабрь — Майып адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата берилди. Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну Дилноза Маразыковага президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн акчага көп функционалдуу араба алынып берилди.

«Мен аябай кубанып турам ушунчалык бизди эстеп, камкордук көрсөтүшүп жаткандыктарына. Иштерине ийгиликтерди каалап кетем»,-дейт Дилноза.

Ушундай эле араба Чаувай айыл аймагынын тургуну Элхан Мелибаевге да тапшырылды.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *