Бишкек шаарында «Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Медиатехнологиялар Мектеби» тарабынан тренинг уюштурлуп, ага Үч-Коргон мультимедиа борборунун ыктыярчылары да катышууда.
Медиа Технологиялар мектеби тарабынан жаш журналисттерге «Медиа аркылуу экстремизм жана жек көрүүчүлүктү жайылтууну алдын алуу» деген темада Бишкек шаарында 3 күндүк тренинг өткөрүүдө.
Аталган тренингте катышуучулар дин жана экстремизм боюнча кеңири түшүнүктөрдү алышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Ошондой эле, тренингке Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология кафедрасынын доценти Эмиль Насриддинов, АКШнын Бишкектеги элчилигинин прес катчысы жана башка тренерлер катышууда.
Үч-Коргон мультимедиа борборунун ыктыярчыларын бири Шохрух Хасанов бул тренингкке конкурс аркылуу өтүп катышып жаткандыгын билдирди.
«Мен бул тренингке атайын заявка толтуруу аркылуу алгачкы жолу катышып жатам. Ошондой эле мен бул жерге координаторум менен бирге катшуудамын. Бул тренингтен кийин мен өзүбүздүн мультимедиа борбордо башка ыктыярчыларга да окугандарым жөнүндө маалымат берем деп максат кылуудамын».
Даярдаган: Акылбеков Ыхтыяр.