Кадамжайдын Үч-Коргон айыл өкмөтүнө 7,8 млн сомдук  жол оңдоочу грейдер алынды

Үч-Коргон айылында жол оңдоо үчүн  Бүткүл дүйнөлүк айыл чарбасын өнүктүрүү фонду менен АРИС аркылуу долбоор ишке ашырылып, 7 млн 800 миң сомдук грейдер сатып алынды.

Үч-Коргон айыл аймагында ички жайыт жолдорду салуу жана ондоо үчүн аймактык жайыт комитети тарабынан атайын долбоордун негизинде грейдер сатып алынды.

Аталган айылда буга чейин техниканын жоктугунан жайыт комитети башка техникаларга кезекке туруп, кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. 

Жайыт комитетинин өкүлү Бахтияр Юрсуновдун айтымында Бүткүл дүйнөлүк айыл чарбасын өнүктүрүү фонду менен АРИС аркылуу долбоор жазылган. Долбоор колдоо таап, 7 млн 800 миң сомдук грейдер сатып алынган. Белгилей кетсек, аймакта жалпы 17 миң гектар жайыт бар.

Маалымат катары айта кетсек, акчанын 5 млн 800 миң сомун долбоор каржыласа, калган 2 млн сому Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан бөлгөн.

Даярдаган: Абдурахманова Гулбахор.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *