Үч-Коргон айылында жазгы талаа иштери башталды

Үч-Коргон айылында жазгы талаа иштери башталып, дыйкандар бак-дарактарды кыркуу жана дарылоо иштерине киришти

Үч-Коргон айылынын турундары  эзелтен бак чарбачылыгы менен алектенип келет. Алар жаз айларын алгачкы күндөрүнөн баштап, дарактардгы ашыкча шактарды кыркып, астын тазалоо иштерин башташат.Аталган айылда мөмөлүү өсүмдүк түрлөрүнөн гилас, шабдалы, курма, алма сыяктуу түрлөрү  жетиштирилет. Жергиликтүү дыйкандардын айтымында өз убагында дарактарга камкордук көрүлсө жакшы түшүм берет.

«Мен бир топ жылдардан бери гилас көчөтүн эгип дыйканчылык менен алектенип келемин. Эгер дарактарга суусун дарысын берип өз убагында карасаңыз жай келгенде күзгө чейин мол түшүм аласыз.  Дарактардагы адамга окшойт өзгөчө камкордукту талап кылат»,-дейт дыйкан Абдурахим Хошимов.

Үч-Коргон айылында негизинен гилас жакшы жетиштирилип, май жана июнь айларынын акырына чейин түшүм берет. Алар сортуна карап дагы бышып жетилет. Мисалы, майский, эрте бышып, биринчи экинчи үчүнчү деп бөлүнөт.

  1. Сүрөт архив

Бышып жетищтирилген гилас мөмөсү 1 кг 150 сомго чейин көтөрүлүп Россияга экспорттолот. Бул дыйкандардан чоң түйшүктү талап кылат. Анткени терилген гиласти сорттоп андан соң сатууга берсе болот. Мында дыйкандар миллион сомго чейин пайда көрүшөт.

Сүрөт архив

Маалымат катары айта кетсек Үч-Коргон айылында ар жылы май айынан баштап, август сентябр айларына чейин дыйканчылык иштери улантылат. Экспорттолбой калагн жана кечигип бышкан мөмө жемиштер айылдагы Ош-Баткен жолундагы Чорсу базарында сатылат.

Сүрөт архив

Даярдаган: Данияр Хабиб.

Жаңылыкка сүрөттөр архивден алынды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *