Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жергиликтүү тургун Махамадали Абувахидов 15-20 жылдан бери набайчылык менен алектенип келүүдө.
«Мен бул кесип менен жаш кезимден бери алектенип келүүдөмүн, жумушум өзүмө жагат, тапкан кирешем да кудайга шүгүр, жетип турат.” Абдувахидовтун билдирүүсүнө карагнда Ата-бабаларыда нанбачылык менен адал эмгек жасап келишкен. Ошондуктан ал да ата салтын жерде калтырбай ушул кесипти улантып келүүдө.
Бул набайкана туурасында жакынкы адамдардан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө алардын айтымы боюнча көп адамдар ушул набайканадан нан сатып алышат. Башка нанбай каналардан өзгөчө нандары даамдуу жасаларын айтышат.Махамадали Абувахидов жасаган нандар бир канча айырмаланып, даамдуу жасалганын айтышат. Адамдар тойго, ар кандай майрамдарга да ушул жерге буюртма беришет.
Даярдаган: Сабыр у Шумкарбек.
Сүрөттөр АКИpress сайтынан алынган.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка.